Алмазбек Атамбаев жаңы оңдолуп бүткөн имаратты көрдү жана Жогорку сотттун судьялары менен аппарат кызматкерлеринин алдында сүйлөдү.

Өз сөзүндө ал сот бийлиги мамлекеттик бийликтин толук укуктуу бутактарынын бири экенин  белгиледи. Ошондуктан Жогорку сот мындан ары борбордун чок ортосундагы тарыхый имаратта президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт менен жакын жайгашканы зор мааниге ээ.

Мамлекет башчысы эң адилет жана чынчыл мамлекеттик жетекчилердин бири катары баарына үлгү болгон саясый ишмер  Исхак Раззаков иштеп жана өлкөнү башкарган бул алгачкы тарыхый имараттын өзү жакшы белги экенин айтты.

Атамбаев судьялар соттук корпустун башка өкүлдөрү сыяктуу эле  Исхак Раззаковдун: «Эгер мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз да таза болот!» деген осуятын ыйык сактоого тийиш экенин белгиледи.

Бөлүшүү