Риодо жайкы Олимп оюндарынын 5-күнү уланууда.

Кыргызстандын капчыгында бир коло медал бар.  Оор атлетчи Иззат Артыков 339 кг салмакты көтөрүп, үчүнчү орунга ээ болду.

Бул көрсөткүч менен жалпы тизмеде 40 орунда турат.

Алдыңкы сапты АКШ, ал эми коңшу Казакстан 4 медалы менен тизмеде 30-орунда келе жатат.

Мелдеш учурундагы кыргыз спортчуларынын эмоциялары

 Отар Бестаевдин олуттуу атаандашы

Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп мелдешке аттанган дзюдочу Отар Бестаевден үмүт чоң болгон. Ал Кыргызстан үчүн 2015-жылдан тарта чыга баштаса да бир топ ийгиликтерди көргөзгөн. Алгачкы оюнда Бестаев Африка Чемпиону Ахмед Абелрахман менен чыгып аны жеңген.

Ал эми 1\8 финалда спортчуну олуттуу атаандаш күтүп турган. Европа, Европалык оюндар  жана чемпионаттарынын жеңүүчүсү ошондой эле дүйнөлүк рейтингдин тизмегинде 3-орунду ээлеген Орхан Сафаров.  Ал эми Бестаев бул рейтингде 39-орунда болгон.

Спортчу медалга болгон күрөштөн ыргыса да кыргыз спортундагы маанилүү жетишкендиктердин бирин толуктады.

Ал 16 жыл ичиндеги 1\8 финалга жеткен алгачкы дзюдочу.

8 жылдан кийин кайтып келген бокс

Эркин Адылбек уулу биринчи эле мелдеште Колумбиялык Хуан Карлос Каррилльо менен жолукту. Колумбиялык мушкер 2010-жылкы өспүрүмдөр арасындагы Олимп оюндарындагы күмүш медалынын ээси. 3-раунддун жыйынтыгы менен калыстар бир добуштан жеңишти түштүк-америкалык спортчуга берген.

10-орунду ээлеген Жаңыл Окоева

Кыргыз спортундагы тарыхый көз — ирмемдердин бири. Көз карандысыздык тарыхында биринчи жолу кыз КРдин намысын оор атлетикада коргоп жатат.

Жаңыл Окоева оор атлетика боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдешке катышып тизмеде 10-орунду ээлей алды. Катышуучу өлкөлөрдүн саны болсо 247.

Эске салсак, Окоева Олимп оюндарына бара тургандыгын оюн башталаарына 2 жума калганда гана билген.

Жыйынтыгында 169 кг. Ал эми Ташкентте өткөн мелдеште атлетчи кыз 177 кг көтөргөндүгүн эске сала кетели.

Сууда сүзгүч Дарья Таланова 43 мамлекеттин ичинен 33чү келип жарым финалга өтө алган жок.

Ошентип  күрөштөн четтеп калды.

Алгачкы медалды алып келген Иззат Артыков

Мелдешке бардыгы болуп 21 спортчу чыккан.

Буга чейин Кыргызстан оор атлетчилер курамасы бир жолдомо алгандан кийин ал лицензияны Иззат Артыковго берүү чечими кабыл алынган.

Ал Кыргызстандын жаңы рекордун койду. Буга чейинки эң чоң көрсөткүч да Артыковго тиешелүү болгон. Азия Чемпиону 150 кг көтөргөн.

Артыков

Денис Петрашов 32- метрлик узундуктакка сүзүүдөн 38-орунду ээледи. Сууда сүзгүч 7 спортчунун ичинен 6-орунду ээледи

Жакынкы оюндар

12-август

19:00 Юрий Краковецкий, дзюдо (100 кг өйдө)

 

 

 

Бөлүшүү