Темир Сариев 2015-жылдын 1-майынан баштап премьер-министрдин кызматын аркалады. Бир жыл аралыгында коомчулукта талкуу жаратып, чуу чыгарган демилгелерин сунуштайбыз.

Шакабага айланган төө буурчак

 Сүрөт: mirgadaniy.ru

Сүрөт: mirgadaniy.ru

Өкмөт башчысы декабрда кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча эл аралык жыйында тамактануу маданиятын өзгөртүп, витаминдүү тамак-ашка басым жасоо керектигин айтып, төө буурчакты мисал келтирген эле. Премьер-министр Темир Сариевдин төө буурчак тууралуу айткандары социалдык тармактарда түрдүү шакаба-тамаша кептерди жаратты.

 «Камсыздандыруу мыйзамынын максаты – жарандардын жүгүн жеңилдетүү»

 Сүрөт: sellkom.od.ua

Сүрөт: sellkom.od.ua

Февраль айынан баштап автоунааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча өкмөт демилгеси башынан эле карама-каршы пикирлерди жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тышкары парламенттеги фракциялар да аталган мыйзамды ишке ашыруунун убакыт-сааты келе электигин айтып, 2018-жылдын 1-январынан баштоо чечими кабыл алынган.

 

Таксилерди бир өңчөй түскө келтирүү керектигин белгилеп

 Сүрөт: lemonp.ru

Сүрөт: lemonp.ru

Борбор калааны маршруткалардан тазалап, таксилерди бир өңчөй түскө боёо керектигин Сариев Бишкек мэриясынын коллегиясында билдирип, мындай деген: «Шашкасын коюп алып эки саат киши ташып коёт, бүттү. Алар салык төлөбөйт, натыйжада алар мыйзамдуу иштеген таксисттерге жолтоо болушууда».

 

«Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрүнөн карызды жабууга 15$ алынат

 Сүрөт: www.vb.kg

Сүрөт: www.vb.kg

2016-жылдын 1-январынан  баштап, ар бир жүргүнчү Кыргызстандан учуп жатканда $15 төлөш керек деген сунушун киргизген. Алынган каражатты «Манас» аэропортунун структурасына кирген эл аралык жана аймактык аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана карыздарды жабууга жумшалмак.

 Бийик тоолуу аймактарда жеңилдиктирди алып салуу тууралуу мыйзамы

 Сүрөт: novosti.kg

Сүрөт: novosti.kg

Бийик тоолуу жана шарты катаал алыскы аймактарда жашап, иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик жеңилдиктирди жоюу жөнүндө пикирин билдиргени Нарын облусунун тургундарынын арасында кызуу талкууга алынды. Аталган облустагы айрым мекемелер тиешелүү жактарга бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбөө суранычы менен кат жолдоп жатышкандарын өздүк булактар билдиришкен.

Чолпон-Атадагы Леонид Раппопорт атындагы аллеядагы бактардын кыйылышы

Сүрөт: www.azattyk.kg
Сүрөт: www.azattyk.kg

Жергиликтүү бийлик өткөн кылымдын 30-жылдары тигилген бул аллеянын ордуна сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюндарына” ылайыкталган автоунаа токтоочу жай курулаарын айткан. Аллеядагы бактар 1926-жылы тигилген. Бул жерге Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган.

 

 Өкмөт Өзбекстанга кармата бере жаздаган Аксыдагы Уңгар-Тоо

Сүрөт: kyrtag.kg
Сүрөт: kyrtag.kg

Аксынын борбору Кербен шаарына караштуу Уңгар-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев  премьер-министр Темир Сариевден «Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла» деп буйрук келгенин жарыялап, мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк «чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Уңгар-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат» деген пикир жаадырышты.

Аксыда  өкмөт башчы Сариев менен оппозициячы Бекназаровдун айтышы

Сүрөт: kabarlar.kg
Сүрөт: kabarlar.kg

Сариев алгач райондук активдер менен жолугуп, андан соң администрация алдындагы чогулган элге келгенде,  экс-депутат Бекназаров баштаган оппозиция өкүлдөрү  эл алдында сүйлөп жаткан. Өкмөт башчы Бекназаровдун сынына чычалап, жооп кайтарууга өткөн. Эл алдындагы кайым айтышуудан кийин Сариев жөн кетпей сүйлөчү микрофонду көтөрө кетиптир деп айткан жергиликүү тургундар.

Тендерден чыккан чыр

Сүрөт: Кyrgyztoday.kg
Сүрөт: Кyrgyztoday.kg

«Балыкчы–Тамчы–Корумду” жолун реконстукциялоо боюнча тендер өткөрүлгөн. Сынактан кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы уткан. Депутаттык комиссия кытайлык ишкананын аталган жолду куруп жатканын мыйзамсыз деп бир нече фактыларды келтирип, Темир Сариевдин отставкага кетишин  талап кылган.

Транспорт министри Аргынбек Малабаев орун басары Улан Уезбаев менен Темир Сариев тендерде уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына жан тартканын ачык айткан.

Бөлүшүү