Шотландия өкмөтү Британиянын курмынан чыгуу боюнча кайрадан референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Никола Стержен Глазгодо өткөн Шотландия улуттук партиясынын жыйынында билдирди.

Стержендин айтымында, мыйзам долбоору кийинки аптада даяр болот. «Улуу Британия ЕБдин курамынан чыкканга чейин Шотландия өзүнүн көз карандысыздык маселесин дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө жөндөмдүү экенине ишенем», — деди ал.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй ЕБден чыгуу тууралуу расмий билдирүү 2017-жылдын мартына чейин жасаларын билдирген. Brexit боюнча референдумда Шотландиянын жашоочуларынын 62 пайызы өлкөнүн Евробиримден чыгуусуна каршы добуш беришкен. Ошол эле маалда сурамжылоолорго ылайык, шотландиялыктардын көбү Brexitке карабастан Британиянын курамынан чыгуу боюнча дагы бир жолу референдум өткөрүүнү каалашпайт.

Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылдын июнунда болгон. Ага британдыктардын 72,2 пайызы катышып, добуш бергендердин 51,9 пайызы ЕБден чыгууну колдоп, 48,1 пайызы каршы добуш беришкен.

Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум 2014-жылдын сентябрында өткөн. Ага шотландиялыктардын 84,59% катышып, добуш бергендердин 55,3% өлкөнүн Британиянын курамынан чыгуусуна каршы, 44,7% макул деп добуш беришкен.

Бөлүшүү