Абдирахманов  20 жашта, Ноокат районунун тургуну, билими толук эмес орто, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Жогорку соттун маалыматы боюнча, эл аралык «Катибатул Имам Аль-Бухари» уюмдашкан кылмыштуу террористтик топтун мүчөсү менен байланышып, террористик топко мүчө болуп кирген. Кыргызстандан Сирия өлкөсүнө согуштук аракеттерге катышууга баруу үчүн социалдык тармак аркылуу Т.Д. аттуу адамды таап, ага «Ислам Мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун идеяларын колдоого багытталган үгүт иштерин жүргүзгөн.

Бирок Т.Д. анын бул иш аракеттери жөнүндө Ош шаардык ИИБне билдирген.

21-июлда жогоруда аталган иш Ош областтык сотунда каралып, Абдирахмановдун жаш курагын эске алып, жазасын 9 жылга төмөндөтүп эркинен ажыратылды.

Бөлүшүү