7-июнда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги саммити өтөт. Ага мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана орун басарлары катышканы турат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды. Лебедев саммитке болгон даярдыктар жөнүндө маалымат берип, экөөнүн ортосунда пикир алмашуулар болду.

Ал эми бүгүн эрте менен Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанда учуп келген. Калган премьер-министрлер бүгүн келишерин, азыр даярдыктар жүрүп жатканы тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы saat.kgге кабарларды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз