Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайдын Чунцин шаарына расмий иш сапары менен барышты.

Ал жерден “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу — 2016-жыл” форумуна катышышты.

Форумга келген бардык эл аралык делегациялардын башчыларын тосуп алып жаткан КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань Турсунбеков менен да жолугушуп,  өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык алакалар тууралуу баарлашышты.

Кезегинде төрага Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгы менен Лю Юньшанды куттуктады.

«Кытай коммунисттик партиясынын акылман башкаруусунун аркасы менен Кытайдын экономикасы бүгүнкүдөгүдөй ийгиликтерге жетишип, космосту да багынтуу менен дүйнөдө өзгөчө орунду ээлеп келет»,- деди. 

Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан Кытай эл Республикасынын стратегиялык өнөктөшү катары КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир Муун — Бир Жол» демилгесин толук колдой турганын айтты

«Өлкөлөрүбүздүн бир географиялык аймакта жайгашкандыгы Кытай тараптын бул демилгесин толук кандуу ишке ашырууда шериктеш болуусуна шарт түзөт» — деп билдирди.

Андан тышкары, ушул жылдын сентябрь айында Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн «Чоң жыйырмалык» Саммитинин жемиштүү жыйынтыкталганына токтолгон Төрага: «Саммитте кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда «Глобалдык экономикалык башкаруудагы жаңылануулар — саясий партиялардын орду жана таасири» деген тематикада өткөрүлүп жаткан  бүгүнкү форумду алгачкы ийгиликтүү кадам катары караганыбыз оң»,- деди.

«Ал эми саясий партиялар коомдун ар кандай катмарынын кызыкчылыктарын коргоого алган негизги структура болот»,- деген Чыныбай Турсунбеков: «Саясий партиялар жана бардык өлкөнүн саясатчылары дүйнөдөгү глобалдык жаңылануулар ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшү керек»,- деп билдирди    

Бөлүшүү