Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун уюшулгандыгынын 80 жылдык маарекелик иш-чарасында болуп, район тургундарын куттуктады.

Маарекелик салтанатта сөз сүйлөгөн Турсунбеков тогуз жолдун тоомунда жайгашып, тогуз жагынан тоолор менен торолгон Тогуз-Торо өрөөнү эзелтен тартып азыркы доорлорго чейин белгилүү тарыхый аймактардын бири болгондугуна далил болчу айрым тарыхый маалыматтарды белгиледи.

“1935-жылы район катары түптөлгөн бул аймак СССР убагында да облустун социалдык- экономикалык деңгээлин көтөрүп турган район катары таанылган»,- деди ал.

Расмий салтанаттан соң район тургундарына кыргыз маданиятынын өкүлдөрү, эстрада ырчылары катышкан чоң программадагы концерт тартууланды.

Бөлүшүү