Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү токтомго кол койду.

Бул токтом Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордун жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө багытталган.

Ага ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35 га кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которулат.

Жээнбеков 2016-жылдын май айында Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылына барып, апрель айында болгон жер көчкүдөн жабыркаган жергиликтүү калк менен жолуккан. Анда элдин негизги суроо-талабы турак жай куруу үчүн коопсуз аймактан жер берүү болгон. Премьер-министр ссудаларды жана жер тилкесин алуу шарттары иликтенип чыгарын жана Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары үчүн коопсуз жайдан жер берүү маселеси караларын билдирген.

Бөлүшүү