Талас облусунун «Али ибн Абу Толиб» атындагы ислам медресесинде 10-июндан 10 августка чейин 9-14 жашка чейинки балдарга лагерь уюштурулду.

Муфтияттан билдиргендей, анын алкагында балдарга Куран, хадис жана адеп сабактары өтүлүүдө. Ошондой эле аларга спорттун ар кандай түрлөрү жана тарбиялык тасмалар дайындалып берилген жана үч маал ысык тамагы менен баардык шарттар түзүлгөн.

«Жалпысынан  лагерге 28 бала кабыл алынып тарбияланууда . Бул иш-чара ар жылы улантылат»,- дейт медресенин директору Медер ажы Сагынбаев.

Бөлүшүү