«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов позициясы дал келсе көпчүлүк коалициясына кирүүгө даяр экенин билдирди.

«Бизди бир нерсе күтүүдө деп айтып жатасыңар. Ооба биз силердин ынтымакка келишиңерди күтүп отурабыз. Принципиалдуу позицияңар болсо коалициядан чыккыла», — дейт ал.

Мындан тышкары Бабанов Текебаевге адамдын жеке өзүнө асылбай, саясий аренада күрөшүүгө чакырды.

Ал эми Текебаев болсо аны Отунбаеваны коргобой койгонун айтты.

“Өмүрбек Бабанов, сени Роза Исаковна вице-премьер кылган, аны коргоп койгонго жараган жоксуң. Бирөөгө акыл айткандан мурун ага татыктуу болуш керек. Атамбаев болсо өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылды”, — деди.

Бөлүшүү