Саламаттыкты сактоо департаменти тез жардамга окуяларды маалымдап, комментарий берүүгө расмий түрдө тыюу салды.

Бул маалыматты saat.kgге аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.

Департаментт бул тыюу салуунун себебин Бишкек шаардык ИИБ тарабынан бир нече арыз түшкөндүктөн улам деп билдирди.

«Биз маалыматтарды берип турабыз, бирок окуянын майда-чүйдөлөрүн кошпостон. Бизди сырларды ачып, провакацияга алдырууда деп күнөөлөп жатышат»,- деп билдиришти  тез жардам кызматкерлери.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз