Буга чейин Обама Трампты мусулмандар боюнча айтканы үчүн катуу сынга алган эле. Президенттикке талапкер Трамп жооп кайтарып жатып, Обама “жашоосунда да, саясатта да олдоксон, жакшылып алып келбеген киши” деп атады.

Билдирүүнү республикачылардан чыккан талапкер Трамп өз Twitter’инде жазган. Мында ал “Ошону үчүн Обама АКШ тарыхындагы эң начар президент болду” деп оюн жыйынтыктады.

Буга чейин студенттердин алдында сүйлөп жатып, Трамп мусулмандарга АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштап, Обаманын сынына кабылган деп РБК жазды.

Бөлүшүү