Жол куруу иштери эртерээк бүтсүн деген менен ишке тоскоол болуп жаткандар бар.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолдорунун курулушуна өткөрүлгөн тендердин айланасындагы тергөө иштери жолтоо болуп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирет.

«Аталган министрлик каржы министрлигин да күтүп жаткан убагы. Жол куруу иштери ыкчам убакытта бүтүшү керек. Жайкы сезонго Кыргызстан эс алуучуларды, чет элдик конокторду күтүп жатканы маалым. Андан сырткары көл калаасында коомдук-саясий мааниси бар жана масштабдуу маданий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө», -деп маалымдайт министрлик.

 

Бөлүшүү