Коопсуздук комитети оппозиционер Бекболот Талгарбековдун камакка алынганын тастыктады.

Мекеменин билдиришинче, “Элдик парламент” кыймылынын өкүлү шериктери менен бирге коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып, бийликти күч менен басып алууну көздөп жаткан.

Мындан улам, Талгарбековго жана башка адамдарга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

Бекболот Талгарбеков — «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин өкүлү. Аз убакыттын ичинде азыркы бийликке каршы ар кандай жыйындарды өткөрүүдө.

Өткөн айда алар маалымат жыйын өткөрүшүп, 28-апрелде 28 миң адамдын катышуусунда курултай өтө турганын айтышкан. Алар президенттин отчётун талап кылышкан.

Бөлүшүү