24-августка караган түнү УКМК кызматкерлери атайын операциянын негизинде жашыруун террордук тобунун лидерин колго түшүрдү.

24 жаштагы кыргыз жаранынан ПМ тапанчасы, РГД-5 гранатасы, 5,45 жана 9 мм калибр октору, жарылуучу заттын боосу жана электрондук жихадка үндөгөн материалдар менен 3 чөнтөк телефон табылды.

Учурда топтун лидери камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бөлүшүү