Бул мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө бир канча депутаттар каршы чыкты. Алардын айтымында, бул мыйзамды кабыл алуу менен коррупцияга жол ачылат. Бирок добуш берүүдө 100 депутат макул болуп, 15 эл өкүлү каршы чыкты.

Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорундагы Военно-Антоновка, Ново-Павловка, Лебединовка айыл өкмөттөрүндө 2009-жылдан бери 480 мыйзамсыз үй салынган.

Мыйзам долбоорунда 2009-жылга чейин айыл чарба багытындагы жерлерге уруксатсыз курулган 42 миң турак жайды мыйзамдаштыруу каралган.

Бөлүшүү