Жогорку Кеңеште жума күндөрү намазга кошумча бир саат тыныгуу бөлүп берүү демилгеси көтөрүлүп, коомчулукта эки ача пикирлерди жаратты.

Депутат Тазабек Икрамовдун пикиринде, жума намазга түшкү танаписти бир саатка узартуу менен өлкөдөгү мусулмандардын кызыкчылыгы сакталат. Мындан тышкары, намаз окуган жарандар жумушуна кечикпей калат.

Ал эми анын кесиптеши Жанар Акаев болсо, Кыргызстанда дин мамлекеттик системага аралашпашы керек деген ойдо. Акаев бул мыйзам долбоорун колдобогон 6 депутаттын бири болду.

Депутаттын пикирине утурлай коомчулукта кызуу талкуу жаралып, мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов өз ойлору менен бөлүштү. Ал сунушка каршы чыккан депутаттар менен бир дасторкондо отурбай жана саламдашпай турганын билдирди.

«Алардын жаназасында турбаймын жана менин жаназама келип катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Буларга добуш бербеймин жана мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын. Муфтий болуп турган болсом, булардын жакшы-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берет элем», — деп кайрылды ажы.

 

Бөлүшүү