Жардыруу Бавариядагы Ансбах шаарында жайгашкан Пфаррштрассе көчөсүндө болду.

Риа Новости билдиргендей, 12 адам жаракат алды, үчөө оор абалда. Бирөө мерт кетти.

Окуя болгон жерге жакын аянтта музыкалык фестиваль өтмөк, ал жерден эки миңге чамалуу киши эвакуацияланды.

Кырсык 24-июль күнү саат 22:15 чамасында болду.

Андан бир нече саат мурда Сириядан келген качкын Ройтлиген шаарында мачете менен бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган эле.

22-июль күнү теги ирандык улан Мүнхенде соода борборуна кол салып, тогуз киши набыт болгон.

Бөлүшүү