Окуя Бостери айылындагы «Золотые Пески» пансионатында болгон. Тонолгон адам Токмок шаарынын тургуну.

Ысык-Көл облусунун ИИБинин маалыматына ылайык, жабырлануучудан iPhone 6 үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана 8000 сомдун өлчөмүндө акча каражатын уурдап кетишкен. Материалдык чыгым жалпы 64 миң сомду түзгөн.

Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Талас облусунун тургуну Нурсултан аттуу жигит кармалган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

 

 

Бөлүшүү