2016-жылкы ЖРТда көзгө илинээрлик өзгөрүүлөр болбойт. Бирок, тестти өткөрүүдө көзөмөл күчөтүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөө 17-23-майга пландалды. ЖОЖго тапшыргысы келген ар бир абитуриент ЖРТдан сөзсүз турдө өтүүсү керек. Билим берүү министирлиги тарабынан 5 миң 505 гранттык орундар берилип, эң жогорку балл алган окуучулар жылдагыдай эле алтын сертификат менен сыйланат. Бул окуучулар конкурсу жок Кыргызстандын каалаган университетине өтө алышат.

Айта кетчү нерсе, ЖРТны тапшырууда телефон же кандайдыр бир башка гаджеттер менен колдонууга болбойт. Эрежелерди бузгандар чыгарылып, тести жараксыз деп табылат. Алар бул жылы окууга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат.

«Кандайдыр бир себептерден улам, ЖРТны бербей калгандарга 20-июнь күнү мүмкүнчүлүк берилет» — дейт сестти жүргүзгөн билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) адиси Чынара Батракеева.

ЖРТга катталуу 7-апрелге чейин уланат. Негизги тест 260 сом, кошумча тест ар бири 260 сомду түзөт.

Негизги тест 4 предмет боюнча жүргүзүлүп, 3 саат 35 мүнөткө уланат:

  1. Аналогия жана окшоштуктар (30 мүнөт; 30 суроо)
  2. Эне тилинин практикалык грамматикасы (35 мүнөт; 30 суроо)
  3. Эне тилин окуу жана түшүнүү ( 30 мүнөт; 60 суроо)
  4. Математика (60 мүнөт; 90 суроо)

ЖРТны ийгиликтүү берүү учун азыркы учурда көптөгөн билим берүү борборлору жалпы тестирлөөгө даярдык сыяктуу даярдануу курстарын ачып, тесттерди өткөрүп келишет.

Бөлүшүү