27-мартта Кыргызстан боюнча 21 айылдык жана 6 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында, аймактарды башкарууга жаш муундун өкүлдөрү өткөнү байкалды.

Жергиликтүү кеңештерге өткөндөрдүн арасында жогорку окуу жайын бүтүрө элек студенттер дагы бар. Саясатта тажрыйбасы жок жаш депутаттар улуураак партия жетекчилеринин куралы болуп калбайбы деген кооптонуу жаралат.

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев жаштардын саясатка аралашып жатканы жакшы көрүнүш, бирок кемчиликтери бар деген ойдо.

«Жаштардын депутат болуусу жакшы. Бирок жалаң жаштар келсе да болбойт. Улуу муундагылар, орто жаштагылар жана жаштар аралаш болуш керек. Бирок жаш муундагыларга абайлагыла деп айтат элем. Себеби, саясат деген кыйын. Ойлонуп мамиле кылуу абзел», — дейт эксперт.

Өзүнүн эскертүүсүн Бакыт Бакетаев бир жолу уят болсо, саясатта өмүрү кыска болуп калат деп түшүндүрөт.

«Алар жаштыкка алдырып, башка бирөөлөрдүн саясий оюндарына кирип кеткенин өздөрү түшүнбөй калган учурлар болот. Саясат деген эмне экенин түшүнүп, анан аралашуусу керек», — деп кошумчалады ал.

Жаш талапкерлер өздөрү болсо улуулардын сөзүн сүйлөп калат деген пикирлерге кошулбайт.

«Эч кандай саясий күчтөргө курал болбойбуз. Биз башканы укпайбыз, маселелерди ич ара өзүбүзчө чечебиз», — дейт Каракол шаардык кеңешине өткөн 21 жашар Азамат Айтбаев.

Анын айтымында, жаштар жаңы идеяларды сунуштап, эл менен жаңыча байланыштарды түзө алат. Жасап жаткан жумуштары боюнча интернет аркылуу кабарлап, шайлоочулар менен түз байланышта болуп турат.

«Социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү бюджет жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ачык маалымат жазып турам», — дейт Азамат.

Бөлүшүү