Өзүн элдик республика деп жарыялап алган Донецк жана Лугансктын лидерлери Киев менен бардык туткундарды алмашуу тууралуу макулдашуу кабыл алынганын билдиришти.

Лугансктын өкүлү Ольга Кобцева сүйлөшүү 21-сентябрда Минскте өткөнүн, жыйынтыгында макулдашууга жетишилгенин айтты.

Шаршемби күнү Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко жикчилдер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүн туткундагы украин жарандары менен жолуктурууга макулдугун бергенин айткан. Бирок ал алмашуу тууралуу эч нерсе билдирген эмес.

Донбасстагы согуш 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев жана Батыш өлкөлөрү жикчилдерге колдоо көрсөтүүдө деп Орусияны күнөөлөп келет. Кремль бул айыптоолорду четке кагат. БУУнун эсебинде, Донбасста жаңжал башталгандан бери 9600 адам курман болду.

Бөлүшүү