КСДП фракциясынын депутаттары Киров суу сактагычындагы суу ташкындан бузулган каналдын абалы менен таанышты.

Жолугушууда ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү жөнүндө сөз болду. Ал жерде айтылгандай, аталган каналдагы сууну Манас районундагы 5 айылдын эли айыл-чарба багытында пайдаланып келет. Канал бузулгандыктан учурда сууну пайдаланууга чектөө киргизилип, бул өз кезегинде эгин талааларын суугаруудагы суунун жетишсиздигине алып келген. Ошондуктан каналда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, калыбына келтирүү зарылдыгы айтылды.

ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов канал архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы суу менен камсыз кылуу департаментинин карамагында турарын айтып, ӨКМ финансылык, материалдык жактан гана колдоо көрсөтө аларын билдирди.

Анын айтымында, каналды калыбына келтирүү иштерин аталган Департамент жүргүзөт. Ошондой эле ал азыр каналда суунун деңгээли жогору болгондуктан, оңдоо иштерин күзүндө гана ишке ашыруу мүмкүн экенин  белгиледи.

 

Бөлүшүү