КСДП фракциясынын депутаттарынан жана өкмөт мүчөлөрүнөн турган топтун Таластагы иш сапары уланууда.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Т. Герцен атындагы көркөм-сүрөт  музейде болушту.

Делегация мүчөлөрү  музейдин ичине баш багышып, андагы сүрөттөр, тарыхый баалуулугу жогору буюмдар, экспонаттар  менен жакындан таанышты.

Музейдин жетекчилиги музейди кармоого райондук бюджеттен, маданият министрлигинен  эч кандай акча бөлүнбөстүгүн, ошого карабай 8-10 адам маяна албай иштеп, музейди кармап, иштөөсүн камсыз кылып келатышканын айтты.

Ал эми маданият жана туризм министрлигинин өкүлү музей райондун баласында экенин айтты. Анын айтымында, район жетекчилиги музейди маданият министрлигинин балансына өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Музей райондун балансына турганда, министрликтен каржы бөлүп берүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

Фракция лидери Иса Өмүркулов алгач музейдин балансына байланышкан маселени оң жагына чечүү керектигин айтты. Ал белгилегендей, ошондон кийин гана маселени өкмөткө жеткирип, бюджетти түзүүдө музейди кармоого, анда иштегендердин маяналарына керектүү сумманы киргизүүгө мүмкүн болот. Фракциянын депутаттары бул маселени өз көзөмөлдөрүнө алышып, оң жагына чечип берүү аракеттерин көрүшөрүнө ишендирди.

Бөлүшүү