Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов улуттук банк отчёт берип жатканда айтты.

Эл өкүлү жаңы технологияларды колдонуу менен улуттук валютаны чыгарууну сунуштады.

«Бүт дүйнөдө пластиктен жасалган акчага өтүп жатышат. Алар колдонууда узагыраак жана кайра жаратуу үчүн кеткен каражатты үнөмдөйт»,- деди Д. Бекешов

Ал эми улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов желимден акча жасоо 10 мамлекетте гана колдонула турганын айтты.

«Кыргыз сомдору таза 100% пахтадан жасалат, бул анын бекемдигинен кабар берет. Пахтадан жасалган акчаны бир нече жолу бүктөгөнгө болот. Пластиктен жасалган акчалар,  капчыкта гана сактаса көп убакытка чейин колдонууга мүмкүн. Бул кыргыздарга туура келбейт», — деди төрага.

 

Бөлүшүү