Бүгүн Жогорку Сотто өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кайрадан карап жатат.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.

Азимжан Аскаровдун коомдук жактоочусу «Бир дүйнө Кыргызстан» кыймылынын негиздөөчүсү, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова. Ал эми адвокаты болсо укук коргоочу Нурбек Токтокунов.

Учурда сот өтүп жатат.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан” деген айып тагылган.

Бөлүшүү