Аксы районунда 33 жашар эркек Кара-Суу дарыясына агып кетти

Автор -
400

4-июль күнү саат Жаны-Жол айыл аймагынын Караган-Сай айылынын тургуну 1984жылы туулган эркек (1-топтогу майып) Кара-Суу дарыясына агып кеткен, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 8-июль күнү туугандары жана куткаруучулар тарабынан издөө иштери улантылып, табылган эмес.

«10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан айыл аймак жана туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде куткаруу кызматы туруктуу жайгашкан жерине кайтышкан. Мындан тышкары, 1-июль күнү Жаны-Жол айыл аймагынын Бала-Чычкан айылынын тургуну 1978-жылы туулган эркек болжол менен Чычкан суусуна чөгүп кеткен. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар менен туугандары жалпы 20 адам, КРнын ӨКМнин №55 ӨКБнөн 8 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн уланат», – делет басма сөз маалыматында.

Бөлүшүү