Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды

Автор -
439

Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-майда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Жолугушууда мамлекет башчысы муфтий аркылуу өлкөнүн бардык мусулмандарын ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев жана мусульмандар муфтийи Максат ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Андан тышкары, жолугушууда пайда болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу жана өлкө биримдигин бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Бөлүшүү