Алмазбек Атамбаев Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту

Автор -
354

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-майда Кыргызстанга келген Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл өз кезегинде православ чиркөөсүнө көӊүл бөлүнүп жатканына ыраазылыгын билдирди.

«Бул жерде православ чиркөөсүнүн болушунун өзү эле кыргыз коомунун көп улуттуу, көп конфессиялуу экенин ырастайт, — деди Патриарх. – Диндер арасында мамиле ар башка болуп жатат. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийине жолугуу жана биздин диний башкармалык менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Биерде улуттар, диндер арасында мамилелердин өзгөчө сейрек маанайы өкүм сүрөт деп айта алам. Ушунун өзү коомдун туруктуулугун камсыздайт. Ошондуктан сизди куттуктагым келет, анткени президенттин жана бийликтин тикелей катышуусусуз ушундай сейрек алака-катышты орнотуу кыйын».

Алмазбек Атамбаев менен Патриарх Кирилл радикализмге бөгөт коюуда диний билим берүүнүн мааниси жана диний кырдаалдын өнүгүү тенденциялары тууралу ой бөлүштү.

Бөлүшүү