«Банкоматтардан салыкты болгону 5 сомго төлө!» акциясы

Автор -
324

Урматтуу кардарлар!

2016-жылы акчасыз төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программага ылайык Банк Салык кызматы менен биргеликте «РСК Банк» ААКнун төлөм карталарынын ээлери, жеке жактар үчүн банкомат жана терминалдар аркылуу салык төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча долбоорун ишке ашырган.

Мына ушул тейлөө кызматынын алкагында кардарлар жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк салыгын, ошондой эле унаа салыгы менен патенттин негизиндеги салыктарды өз алдынча төлөй алат. Ал үчүн кардар өз ИНН, сумманы жана районун билиши керек. Техникалык жөнгө салуулардын жардамы менен жүргүзүлгөн төлөмдөр тийешелүү жерге жетүүсүн салык кызматынын сайты аркылуу көзөмөл жүргүзсө болот. Бул кызмат өлкө бюджетине төлөмдөрдү кабыл алуу жаатында жөнөкөй жана сапаттуу тейлөө кызматы жагынан алганда перспективдүү келет.

Жеке жактар салык төлөө мөөнөтү жеткендиктен, «РСК Банкы» төлөө карталарынын ээлери үчүн «Банкоматтардан салыкты болгону 5 сомго төлө!» акциясын ишке киргизип жатканын билдирет.

Акция 2017-жылдын 10-мартынан 30-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Сиз төмөнкү салыктарды тез жана өз алдынча төлөй аласыз:

  • Айыл-чарбачылыгына багытталган жер салыгы;
  • Айыл-чарбачылыгына тийешеси жок жер салыгы;
  • Короо-жай тилкелеринен пайдалануу жер салыгы;
  • Ишкерликте пайдаланылбаган кыймылсыз мүлк салыгы;
  • 2-топтогу ишкерликте пайдаланылган кыймылсыз мүлк салыгы;
  • 3-топтогу ишкерликте пайдаланылган кыймылсыз мүлк салыгы;
  • Жеке жактардын унаа каражаттары салыгы;
  • Патент салыгы (Милдеттүү, ыктыярдуу жана кызматкер жалдоо боюнча).

Төлөө картасы менен салык жана төлөмдөрдү өзүң үчүн гана төлөбөстөн, башка салык төлөөчү үчүн да (тууган, курбу, тааныштар) төлөө мүмкүнчүлүгү абдан ыңгайлуу жана маанилүү.

Кызматтан пайдалануу үчүн кошумча кагаздарды тариздөөнүн кажети жок – бул кызматтан «РСК Банкынын» ар бир банк картасынын ээси пайдалана алат.

«РСК Банкынын» атайын сунушунан пайдаланып калууга шашылыңыздар!

«РСК Банкынын» төлөм карталарынын ээлери үчүн күнү-түнү иштөөчү колдоо кызматынын телефону 650385.

Бөлүшүү