Чон-Алайда жер титирөөдөн жабыр тарткан боордошторго 2,3 млн сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Автор -
317

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев Жекенди айылындагы жер силкинүүдөн жабыр тарткан тургундардан кабар алды. Шаар башчысын коштоп Чон-Алай районунун акими Ж.Жапаров жана Ош шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси А.Осмонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышты. Алгач шаар мэри айыл тургудары менен жолугушуп, Ыйык Рамазан айында туткан орозолордун кабыл болуусун жана мындай кырсыктар экинчи болбосун деген тилектерин билдирди.

«Биз бул кырсык болгон алгачкы күндөн тартып ММК аркылуу силердин абалынар тууралуу маалымат алып турдук. Тез арада жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү иретинде чечим кабыл алып, Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которууну макулдашып ,бүгүн ошол топтолгон 2,3 млн сомду сиздерге тапшырганы келдик. Албетте, эн негизгиси адам өмүрүнө зыян келбей, башынар аман экендиги бул чон байлык, буга Жаратканга шугур кылышыбыз керек. Балким бул сыноодур, ага чокпостон, белди бекем бууп, алдыга карай умтулуп жашоо керек. Мамлекет жетекчилиги сиздерди эч качан жардамсыз калтырып койбойт,силерди эртерээк турак-уй куруп, жаны конуштарда жашап кетишиңиздер үчүн бардык жардамды берип келүүдө. Ош шаарынын эли ар дайым сиздер менен бирге», – деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Жекенди айылынын тургундары Ош шаарынын мэрине жана жардам көрсөткөн бардык шаар тургундарына ыраазычылыктарын айтышты. Акчалай жардам менен биргеликте Жекенди айылынын тургундарына азык-түлүк да жеткирилди.

Белгилей кетсек, Чон-Алай райоунун Жекенди айылында 3-май куну жер титирөө катталып, бир нече турак-үйдө жаракалар пайда болуп, айрым короо-сарайлар кулап түшкөн. Анын ичинен 610 турак-үй 4-даражадагы категорияда жабыр тарткан. Учурда 210 турак-үй толугу менен бузулуп, анын ордуна жаны үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү