Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованы кабыл алды.

Таалайкүл Исакунова учурдагы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтып, министрликтин иш-аракетин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүлүп жатканын кошумчалады.

«2015-жылдан тарта жарандарды жумушка орноштуруу маселеси Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине берилген. Тиешелүү нормативдик-укуктук базалардын жоктугуна байланыштуу бул багытта керектүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө биз эмгек маселеси боюнча министрликтин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаларды иретке келтирүү үстүндө иш алып баруудабыз», – деди Таалайкүл Исакунова.

Жээнбеков жарандарды жумушка орноштуруу менен катар, калкты социалдык жактан колдоого алуу негизги тапшырмалардын бири экенин эскертип, бул багытта жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иш алып баруу керектигине токтолду.

Премьер-министр белгилегендей, социалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик саясат аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүүнү күчтөндүрүү аркылуу, үй интернаттарынын санын оптимизациялоого багытталышы кажет. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө балдар-интернаттарындагы тарбиялануучулардын 70-80 % ата-энеси бар туруп, ар кандай себептер менен аларды камсыздай албаган «социалдык жетимдер» болуп эсептелет.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле асырап алынган балдарга карата багып алган ата-энелери тарабынан туура эмес мамилеге жол бербөө максатында алардын абалын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн да эскертти.

Өкмөт башчы социалдык тармакка бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануусуна көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн жакшыртуу иретинде аны дайындоо критерийлерин карап чыгууну тапшырды.

Бөлүшүү