“Кыргызтелеком” ишканасынын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Бекзат Үсөнканов билдирди.

Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген.

Комиссия келишим түзүүдө жең ичинен макулдашуу болуп, коррупциялык схемаларга жол берилгенин билдирген.

Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн жокко чыгарып, келишимди аргасыздан, казак тарап интернет берүүнү токтотуп салабыз дегенден кийин түзүүгө барганын маалымдаган.

Бөлүшүү