Москвада полиция Өзбекстандын жараны Нилуфар Мамасаидовага бир жаштагы баласын кайтарып берди.

Укук коргоо органдары документтеринин жок экендигине байланыштуу 26-декабрда апасын камап, наристени өздөрү алып калышкан болчу.

Адвокат жана укук коргоочу Бахром Исмаиловдун айтымында, Мамасаидованын өзү сотко жетирилди — ал миграциялык мыйзамды бузган деп айыпталууда.

Мамасаидованын документтери 25-декабрда, ал жашаган батир тонолгондон кийин жоголгон. Эртеси аны полиция бөлүмүнө алып барышып, ал анда үч сутка камакта болгон. Баласын болсо полициячылар алып калышкан.

2015-жылы октябрда Петербургда мигарциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Тажикстандын жараны Зарина Юнусова кармалган. Анда аны да камап, беш айлык уулу Умарали Назаровду өздөрү алып калышкан. Бирок эртеси наристенин ооруканада чарчап калганын кабарлашкан. Дарыгерлер баланын өлүмүнүн себеби катары дем алуу органындагы инфекция жана жүрөк жетишсиздиги болгонун айтышкан. Умарали Назаровдун өлүмүнөн кийин Петербургда бир канча жолу нааразылык акциялар өткөн.

Бөлүшүү