«РСК Банк» улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн

Автор -
375

3-мартта Jannat Regency мейманканасынын отурум залынжа жыл сайын өткөрүлүп туруучу браконьерлик менен күрөшүүдө кызмат өтөгөн егерлерди сыйлоо боюнча III аземи болуп өттү.

Бул салатанаттуу азем Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө карата өткөрүлүп, тартип сактоого көзөмөл кылуу милдетин аткарган Кыргыз Республикасынын кызматкерлерин колдоодогу биргелешкен аракетибиздин бир бөлүгү болуп калды. Бул долбоор КРнын өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чабачылыгы мамлекеттик агенттиги, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan коомдук фондусу, ИНТЕРПОЛ, DEFRA жана Snow Leopard Trust коомдорунун өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы. Фонд өз ишине чын дилинен берилип, кайдыгер карабаган егерлерди колдоого каражат бөлүп турат. Бул программа 2014-жылдан бери иштеп келет.

Иш-чара алкагында өлкөбүздүн табигый мурастарын сактаган адамдар, алар кандай кыйынчылыктар менен ал урушуп келгендиги тууралуу баяндалган «Егердин жашоосу» аттуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

Snow Leopard Foundation-Kyrgyzstan коомдук фондунун директору жана ушул иш-чараны уюштуруучу Кубанычбек Жумабай уулу өз сөзүндө илбирстерди сактап калуу маселесин көтөрүп, егерлрердин начар техникалык жабдылышы, мыйзам бузуучуларды кармоодогу кыйынчылыктар, браконьерчилик фактыларын каттоодогу жетишсиздиктерди айта кетти.

Кириш сөздөдөн кийин егерлер менен 2016-жылы Кыргызстандын кайтарылып турган аймактарында браконьерлерди кармоого көмөктөшкөн жарандар фондудан сыйлык, ал эми «РСК Банкынан» ар түрдүү белектерин алып, ар бири мыйзам бузуучуларды кантип кармагандыгын баяндап беришти.

Андан соң эл аралык айлана чөйрөнү коргоо жана сактоо тармагына таандык беделдүү меймандар чыгып сөз алды. Мейман катары бул иш-чарага «РСК Банк» ААК башкармалык төрагасы Азизбек Оморкулов менен башкармалык төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова да чакырылды.

Азизбек Оморкулов сыйлык ээлерин белектери менен куттуктап, биздин табийгатыбызды коргоого алган адамдарга ыраазычылык билдирип өттү. «Бүгүнкү аземибиз – өз ишин мыкты аткарган каарман адамдарга болгон бир аз гана колдообуз», – деди ал.

Иш-чара көтөрүлүп жаткан темага кызыгууну жаратып, түшүнүшүү жагдайда өттү. Биз кызыктуу адамдар менен маектешип, алар Кыргызстан менен Тажикистанда жаратылышты сактап, жок болуп бара жаткан жаныбарларды коргоп калууга багытталган долбоорлор канчалык ийгиликтүү аяктаганын айтып беришти, мындан тышкары алар экологиялык туризмди өнүктүрүү үчүн там куруучу жамааттарды түзүү сунушу түштү.

«РСК Банк» жаратылышты аяр кармап, аны сактоо, ошондой эле 2017-жылы илбирсти сактап калуу боюнча саммитин өткөрүү идеясын көздөйт, жана илбирстин санын жогорулатып, бул тармакта илбирс жашаган өлкөлөр өз күчүн бириктирип иштесе деген ойду айтат.

Бөлүшүү