РСК Банк. «Юнистрим» аркылуу которуулар үчүн белектер

Автор -
455

Урматтуу кардарлар,

«РСК Банк» «Юнистрим» акча которуу системасы боюнча «Тилектер орундалат» аттуу биргелешкен акциясынын төртүнчү этап аралык жана негизги этабынын жыйынтыгын чыгаргандыгын «РСК Банк» кубануу менен билдирет.

Акция 2016-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин өткөрүлүп, 4 этап аралык жана бир негизги этаптан турду. Акция шартына ылайык иш-чара өткөрүлүп жаткан мөөнөттүн ичинде катышуучу «Юнистрим» системасы боюнча максималдуу көп санда акча которууларын жасашы керек эле.

«Тилектер орундалат» акциясынын төртүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп Пушкарева Юлия Анатольевна табылып, белекке диаметри 40 дюйм болгон LED экрандуу телевизорун алды.

Андан кийин акциянын негизги этабынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү болуп Жороев Чынтемир табылды, ал Дубаиге эки кишилик туристтик жолдомонун бактылуу ээси болуп калды. Жеңүүчүлөргө белектерин салтанаттуу тапшыруу аземи банктын Чүй филиалында өттү.

Жеңүүчүлөр белектерин «РСК Банк» ААКнун башкармалык төрагасы Азизбек Оморкулов менен Грузия жана КМШ өлкөлөрүндө сатуулар боюнча департаментинин директору Махмудов Шерзоддун колунан алышты.

Кардарлар «РСК Банкы» менен «Юнистримди» мыкты белектери үчүн ыраазычылык билдирип, кардарлар үчүн ушундай мыкты акция уюштурганы үчүн рахматын айтып, ийгилик жана ден соолук каалап кетишти.

Азизбек Оморкулов кардарларга «РСК Банкын» тандап, акцияларга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, апрелде «Юнистрим» төлөө системасы менен кызматташып келе жаткандыгына 10 жылдын жүзү толоорун эскерте кетти. «Ушул убакыттын ичинде ортобузда мыкты өнөктөштүк мамилелер түзүлдү. «Юнистрим» акча которуу системасы банкыбыз көрсөткөн кызматтардын катарында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келеп, буга акча которууп, төлөө көрсөткүчтөрүнүн жагымдуу динамикасы жана 2015-жылга карата жүгүтүм 146 пайзга өстү. Ушул акцияны уюштуруп, ага катышкандыгы үчүн биз «Юнистрим» компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз», – деп Азизбек Оморкулов «РСК Банкынын» жаңылыктарына назар салып, ар түрдүү акцияларга жигердүү катышууга чакырып өттү.

Белектерди тапшыруу салтанаттуу аземине Москвадан Бишкекке «Юнистрим» системасынын КМШ өлкөлөрүндө сатуу департаментинин директору Махмудов Шарзод да келди, ал жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, Кыргызстанда акча которуунун алгалаткан өзүнүн негизги өнөктөшү «РСК Банкына» ыраазычылыгын билдирип өттү.

«Биз ушуну менен токтоп калбайбыз, жакын арада «РСК Банк» менен биргелешкен жаңы акциябыздын шартын жарыяламакчыбыз. «РСК Банкындагы» «Юнистрим» акча которууларынан пайдаланып, мыкты белектердин ээси болуңуздар», – деди Махмудов.

Ошол эле күнү «Юнистрим» акча которуу системасын алгалатууга жигердүү катышкан банктын кызматкерлери да байгелүү болушту. «Мыкты оператор» акциясынын төртүнчү этабынын жеңүүчүсү болуп Чүй филиалынын алдыңкы эсепчиси Улан Абдиев, ал эми негизги этаптын жеңүүчүсү болуп ошол эле филиалдын эсепчиси Жаңыл Шаршеева табылды.

«РСК Банкынын» жамааты жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктап, акциянын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирет. Белектериңиз сиздерди кубандырып, ар бир ишиңизди ийгилик коштоп жүрсүн.

«Юнистрим» акча которуулары заматта аткарылып, дарексиз келип, эсеп ачпастан жөнөтүлөт. Акча которуу үчүн болгону паспорт, акча алуучу адамдын толук каты-жөнү жана акча алуучу өлкө гана керек.

«Юнистрим» акча которуу системасы тууралуу толук маалымат алуу үчүн Сиз банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып же кардарларды колдоо кызматынын телефондоруна чалсаңыз болот:

0(312) 911 111;

0(706) 911 111;

0(552) 911 111.

«РСК Банк» ААК.

Бөлүшүү