Эксклюзив: Жетекчисине пара берүүдөн баш тарткан студент кыздын окуясы (Видео)

Автор -

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү Гулина Турганова 400 доллар талап кылган кафедра башчысы тосмо арыз жазуусун талап кылып жатканын SAAT.KG маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, Гулинанын дипломдук ишинин түп нускасына жетекчиси Жайнагүл Асанбекованын колу коюлбай калган. Анткени, бүтүрүүчү аны чыгарып жетишпей калган.   Дипломдук ишти коргоо күнү жетечиси Жайнагүл Асанбекова жаназада жүргөнүнө байланыштуу анын ордуна кафердра башчысы Рита Салморбекова кол коюп берерин айткан. Бирок, Гулина барып кол коюп берүүсүн суранганда кафедра башчысы кол коюп берүүдөн баш тарткан.

«Менин жетекчим Рита Салморбекова кол коюп берсе сен дипломдук ишиӊди коргой аласыӊ деген. Бирок, Рита эже мен кол коюп берүүсүн суранганымда жетекчим Асанбекованы каралап, кол койбой койду. Анан мен жетекчим менен телефон аркылуу байланышып, анын уруксаты менен өзүм димломдук ишиме кол коюп, жогорку баага жактагам»,-деп билдирди Гулина.

5-июль күнү каферда башчысы Рита Салморбекова Гулинага телефон аркылуу анын түшүнүк кат жазуусун талап кылган.

9-июль күнү ал кайрадан телефон чалып, саат 19:30 га Ботаникалык бакка келүүсүн буюрган. Жолугушууда кафедра башчысы Гулинаны дипломун ала албай турганын жана Кытайга барып окуусун улантышына жол бербей турганын айткан. Ошо менен бирге ал сынак учурунда бүтүрүүчүлөр комиссия мүчөлөрүнө тамак- аш алып берүүлөрү үчүн 1000 сомдон топтошун буюрган. Андан соӊ бул түшүнбөстүктөргө Гулина 400 доллар алып келсе чекит коерун айткан.

11-июль күнү Гулина Турганова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылат.

Бул факт боюнча 14-июль күнү атайын операция учурунда 27 миң сом акча алып жаткан жеринен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы Рита Салморбекова кармалган.

Тергөө учурунда Рита Салморбекова 27 миӊ сомду албаганын айтып чыккан. Тергөөдөн кийин ал туугандары менен бирге Гулинага тосмо арыз жазып берүүсүн өтүнгөн. Гулинадан терс жооп уккандан кийин кафедра башчысы анын ата-энесине телефон чалып, Гулина окуу жайдын иш кагаздарына кол коюп салганына байланыштуу 5 жылга камала турганын билдирген.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мен бул иш акырына чыгып, күнөөлүүлөр жазалануусун каалайм»,-деп билдирди Гулина.

Бөлүшүү