Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алды

Автор -
202

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөөнү прокуратура органдары көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу “Азаттык” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасовго шилтеме берип жазып чыкты.

«Бул ишти Башкы прокуратура дагы көзөмөлүнө алган. Азыркы убакта соттук-медициналык корутундунун негизинде прокуратура иш козгоого уруксат берип жатат. Облустук прокуратура иликтөө жүргүзүү үчүн көзөмөл иретинде 9-августта материалды суратып алып караган. Мындан сырткары ар бир эс алуу жайын ачарда сактоочуларды ишке алып, көлдүн жээги изилденет, чек коюлат. Ошолор жок экен. Бул боюнча дагы Экотехинспекцияга тапшырма берилди, алар корутунду чыгарып берет»,- деп билдирген Мунайтбасов.

Мунайтбасовдун белгилешинче, көрүстөндөгү коррупция боюнча тартылган материалга байланыштуу Улан Эгизбаевдин дарегине айтылган коркутуулар, бош каттын келиши да иликтенип жатат. Бул боюнча Ленин райондук милициясына юридикалык баа берүү үчүн материалдар жөнөтүлдү.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылган.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген.

Бөлүшүү