КРга мыйзамсыз КММ киргизүүгө аракет кылган Казакстандык жаран кармалды

Автор -

Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча 2018-жылдын 18-сентябрында “Чалдыбар-автожол” КӨП чек арачылары  Кыргызстанга  мыйзамсыз  250 литр КММ алып кирүүгө далалат кылган  Казакстандын жаранын кармашкан.

Маалыматка ылайык, Казакстандын 1987-ж.т., С.С. аттуу жараны “Чалдыбар-автожол” КӨП Daimler Chrysler 313 CDI маркасындагы автоунаада келген. Транспорт каражатын кароо учурунда  чек арачылар  автоунаанын алкактарынын ортосунда ичинде КММ бар жашырылган кошумча бакты табышкан. Автоунаанын ээсинин  жүккө карата  коштоочу документтери жок болуп чыккан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин  кармалган жаран  табылган КММ менен кошо КР ЭККМК территориалдык  бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.

 

Бөлүшүү