Майып баласын караган ата-энелер февралдан тарта айлык ала баштайт (Видео)

Автор -
423

Баласы туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай айлык алуу үчүн майып баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго ноябрдын аягында кол койгон.

Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар да болору каралган. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар да болору каралган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом талап кылынат.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

Бөлүшүү