17-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
205

17-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…9, күндүз 14…19,

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.

Бөлүшүү