2020-жылкы шайлоого Назарбаев катышпай калышы мүмкүн

Автор -
213

Казакстандын парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев учурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышпай калышы мүмкүндүгүн билдирди. 77 жаштагы Нурсултан Назарбаев өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келет.

Төрага мындай пикирин «Би-би-синин» (BBC) HARDtalk берүүсүндөгү маегинде айткан.

«Ачык айтсам, мен мамлекет башчы Назарбаев 2020-жылкы президенттик шайлоого катышат деп ойлобойм… Ал өтө акылдуу, эстүү киши болгондуктан, 2020-жылы бизде Назарбаевсиз башка талапкерлер катышкан президенттик шайлоо өтөт деп ойлойм», — деди Токаев.

Төрага бул анын жеке пикири экенин айтып, 2020-жылкы шайлоого катышуу-катышпоону мамлекет башчы Назарбаев өзү чече турганын кошумчалады. Ошол эле маалда Токаев өзүнүн кийинки президенттик шайлоого катышар-катышпасы тууралуу журналисттин суроосуна так жооп берген жок.

Назарбаевдин көптөн берки үзөңгүлөшү эсептелген Токаев эки жолу Казакстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. 1999-жылдардын соңунда жана 2000-жылдардын башында өлкөнүн премьер-министри болгон. Казакстан мыйзамдарына ылайык, президент мөөнөтүнөн мурда кетсе же каза болсо, анын калган мөөнөтүндөгү ыйгарым укуктары парламент сенатынын төрагасына өтөт.

31-майда Казакстандын парламент сенаты Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кызматын өмүр бою башкаруу укугун берген мыйзам долбоорун жактырган. Ошондой эле анда жаңы президент Коопсуздук кеңешине отчет бере тургандыгы жазылган. Азырынча документке президент кол коё элек.

Бөлүшүү