21-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
248

21-июнда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Баткенде түнкүсүн +14…+19, күндүз+28…+33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +15…+17, күндүзгү жогорку температурасы +28…+30 градус.

Бөлүшүү