2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилди

Автор -
378

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта мындай деп белгиленет:

«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, „Ишеним. Биримдик. Жаратмандык“ программасын, саясий партиялардын программаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, донордук жана эксперттик коомчулуктун, коомдук бирикмелердин, бизнестин жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен кеңири коомдук талкуудан кийин 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын к абыл алды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60 жана 65-беренелерине ылайык, өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттарына жетүүдө мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту, саясий жана коомдук күчтөрдү, бизнести жана жарандарды бириктирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы № 1 чечиминин негизинде токтом кылам:

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйналышынын жүрүшүндө (мындан ары — Улуттук кеңеш) айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алып, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары — 2040 стратегиясы), анын ичинде „2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары“ бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2040 стратегиясына ылайык келтирүү сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук кеңештин катчылыгы менен бирдикте 2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн „Биримдик. Ишеним. Жаратмандык“ программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планына 2040 стратегиясын ишке ашыруу боюнча чараларды киргизүү сунушталсын.

Улуттук кеңештин катчылыгы:

-мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн арасында 2040 стратегиясын жайылтууну камсыз кылсын;

-2040 стратегиясынын аткарылышына мониторингди жана баалоону туруктуу негизде бийликтин ар кандай бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүп турсун;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте 2040 стратегиясынын приоритеттерин кайра карап чыгуу жана оңдоо максатында белгиленген тартипте өлкөнүн өнүгүүсүнө жыл сайын талдоо жүргүзсүн жана талдоонун натыйжаларын Улуттук кеңеште карасын.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет».

Бөлүшүү