7-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
203

7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Ага ылайык, эртең, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда 2…7, күндүз 12…17;

Нарын облусунжа түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градуска чейин жетет.

7-май Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус болот.

Бөлүшүү