9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табылды (Видео)

Автор -
205

Тажикстанда дарыгерлер 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табышты. Медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышууда.

Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болду. Дагы төртөө баланын денесинде калды.

Улуттук медициналык борбордун балдар хирургиясы бөлүмүнүн дарыгерлери аларга 9 айлык Мудассир Каримовдун туугандары 28-июнда кайрылышканын билдиришти. Текшерүүдөн кийин ийнелер наристенин денесинде бери дегенде эле үч айдан бери жүргөнү аныкталып, бала дароо ооруканага жаткырылган.

Мудассир Каримов — Рудаки районундагы Конституция кыштагында жашаган үй-бүлөнүн экинчи баласы. Анын атасы чет өлкөгө иштегени кеткен, апасы балдары менен үйдө отурат. Наристенин туугандары ийнелер анын денесине кантип кирип кеткенин таптакыр түшүнбөй жаткандыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, операцияга чейин бала өзүн кадимкидей эле алып жүргөн жана аны бир нерсе кыйнап жаткандыгынын эч кандай белгилери байкалган эмес.

Операцияга катышкан дарыгерлер дагы мындайды биринчи жолу көрүп жаткандыктарын билдиришти. Алар ийнелерди бала өз алдынча жутуп албаганын, анткени анын ички органдары жабыркабаганын белгилешүүдө.

Бөлүшүү