А.Карашев: Кыргызстанда мамлекет адамга инвестиция кылышы керек

Автор -
247

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Демилгечилердин бири депутат Аалы Карашев мыйзам долбоору жогорку билим берүү жана ЖОЖдордо окуу үчүн жеңилдетилген билим берүүнү насыялоого багытталгандыгын маалымдады. Тагыраак айтканда, долбоор аркылуу жогорку окуу жайларда контракттык бөлүмдө окуй турган жаштарга жеңилдетилген насыя берүү, жана аны кайтарууну жогорку билим алгандан кийинки мезгилге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максаты коюлган.

Бул система студенттерге жеӊилдетилген негизде жогорку билим алууга мүмкүндүк берүү менен эле чектелбестен, стимул берүүнүн бүтүндөй бир системасын түзөт. Анда жаштар жогорку билим жөнүндө диплом алууга эле умтулбастан, аӊ сезимдүү түрдө өз өлкөсүндөгү мыкты жогорку окуу жайларды тандайт, ушуну менен жогорку окуу жайлардын сапатына карата талаптарды жогорулатат. Ошону менен катар жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапаты да жогорулашын шарттайт.

Талкууда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорунун концепциясы жакшы экенин, аны иш жүзүнө аткаруу механизмдери конкреттүү иштелип чыгышы керектигин белгилешти. Депутат У.Ормоновдун суроосунан кийин бүгүнкү күндө баардык студенттерге насыя берилбестиги, калктын аялуу катмарынан чыккан, таланттуу, билимдүү деп эсептелген студенттерге насыя берилери айтылды.

«Студенттерди тандоо боюнча критерийлерде же чектөөлөр коюлган жерде коррупция болушу мүмкүн”,- дейт У.Ормонов.

Билим берүү министрлигинин өкүлү болсо мыйзам долбооруна Өкмөт ар жыл сайын адистер талап кылынган багыттарды жана аларга алынуучу студенттердин санын аныктап чыгып, насыялар кантип берилери боюнча мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуусу жөнүндө сунуш бергендигин билдирди. Мындан сырткары, контракттык төлөмгө насыя алып окуган студент менен окуусун бүткөндөн кийин чектелген жерге барып иштөөсү боюнча тиешелүү келишим түзүүү мерчемделип жаткандыгын маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев стеденттер насыя алуу боюнча келишимди банктар менен эмес, университеттин өзү менен, башкача айтканда, студент, университет, банк болуп үч тараптуу келишим түзгөндөй кылуусу зарылдыгын айтты. Ошону менен катар КР Жарандык кодекске дагы тиешелү түзөтүүлөрдү киргизүү керектигин кошумчалады.

Бөлүшүү