Аба ырайы: 13-майда жаан жаайт

Автор -
247

13-майда өлкө аймагында жаан-чачын болуп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында нөшөр болот. Мындай аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

13-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көлдө 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

13-май Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24 градус болот.

 

Бөлүшүү