Аба ырайы: 3-июлда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жайт

Автор -
285

Эртеӊ, 3-июлда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 23…28

Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…14, күндүз 19…24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.

 

Бөлүшүү